Кыргызстан самын экспорттоорун билчү белеңиз? Сатып алган өлкөлөр

Кыргызстан бул товарды жети мамлекетке экспорттоп келет. Анын көп бөлүгү ЕАЭБге сатылган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстан январь-июль айларында 43,4 тонна самын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул көлөмдүн баары 218,7 миң долларга бааланды.
Сатып алуучу өлкөлөр:
Казакстан — 40,1 тонна;
Монголия — 1,6 тонна;
Өзбекстан — 1,4 тонна;
АКШ — 0,2 тонна;
Россия — 0,1 тонна.
Чакан партия Беларусь (100 доллар) менен Японияга (500 доллар) экспорттолгон (так көлөмү көрсөтүлгөн эмес).
Бишкекте Россиянын экспорттук борборунун өкүлчүлүгү ачылды