Кыргызстанга ЖККУ машыгуусуна Россия менен Казакстандын аскерлери келди

9-13-октябрь аралыгында Кыргызстандын аймагында ЖККУга мүчө: Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан аскерлеринин машыгуусу өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун "Бузулбас боордоштук — 2023" биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Казакстан менен Россиянын аскерлери келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
1 / 5

Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун "Бузулбас боордоштук — 2023" биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Казакстан менен Россиянын аскерлери келди

2 / 5

Россиянын Коргоо министрлигинин аскерлери да ушул эле күнү Кант шаарына келди.

3 / 5

Казакстандын Коргоо министрлигинин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингенти "Ак-Тилек" чек ара бекетинен өтүп, автоунаалар жана бронетехника менен марш жасап, машыгуу өтө турчу жерге аман-эсен келишкен

4 / 5

Машыгуунун жетекчилиги № 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында аларды салтанаттуу тосуп алган

5 / 5

Россиянын Коргоо министрлигинин аскерлери да ушул эле күнү Кант шаарына келди

Ага ылайык, Казакстандын Коргоо министрлигинин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингенти "Ак-Тилек" чек ара бекетинен өтүп, автоунаалар жана бронетехника менен марш жасап, машыгуу өтө турчу жерге аман-эсен келишкен. Россиянын Коргоо министрлигинин аскерлери да ушул эле күнү Кант шаарына келди.
Машыгуунун жетекчилиги № 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында аларды салтанаттуу тосуп алган.
Эске салсак, 9-13-октябрь аралыгында Кыргызстандын аймагында Коргоо министрлигинин № 20636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунун базасында ЖККУга мүчө: Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын тынчтык сактоочу Жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен "Бузулбас боордоштук — 2023" машыгуусу өтөт.
Планга ылайык, аскердик контингенттердин машыгуу өтүүчү аймакка келиши 6-октябрда жыйынтыкталат.
Кыргызстанга Тажикстандын аскерлери машыгуу үчүн келди. Сүрөт