Үтүк басып, зордуктаган! Чогуу жашаган эркектен жабыркаган аял жардам суроодо

Жабырлануучу зөөкүр бошонуп чыкса, кайра күн көргөзбөйт деп чочууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. КР акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Бишкек ШИИБдин жетекчилиги, сот, прокуратура органдарына кайрылып, чогуу жашаган аялга көп жылдан бери кордук көрсөтүп жүргөн менчик билим жайынын директоруна чара көрүүнү өтүндү.
Маалым болгондой, Акыйкатчы институтуна 34 жаштагы аял никесиз чогуу жашаган киши сабап жүргөнүн айтып, арыз менен кайрылган.
"Ушул жылдын 14-сентябрында чогуу жашаган эркек киши арыз ээсин катуу сабап, билектерин ысык үтүк менен басып күйгүзүп, андан соң зордуктаган. Аялдын айтымында, мунун баары анын кичинекей кызы башка бөлмөдө отурган кезде, алардын батиринде болгон. Кийин ал эптеп кутулуп ич кийимчен жылаңайлак көчөгө качып чыккан. Кошуналары жумушка жеткирип, ал жерден аялга зарыл болгон жардамды көрсөтүшкөн. Ошол эле күнү аял милицияга кайрылган", — деп жазылат маалыматта.
Аялдын жактоочусунун айтымында, 15-сентябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмүнүн белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин арыз ээси менен чогуу жашаган эркек кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен зөөкүр эки айга камалган.
"Бирок соттун мындай чечимине жактоочусу макул болбой Бишкек шаардык сотуна даттанган, иш бүгүн каралат", — деп билдирди Акыйкатчы институту.
Жабырлануучу ал бошонуп чыкса, кайра күн көргөзбөйт деп чочулоодо.
"Күйөөм мурда эле уруп-сабап, зордуктап жүрчү. Бирок мен кимдир бирөөгө айткандан кооптончумун, анткени ал "кызымды алып кетем, сен аны эч качан көрбөйсүң" деп коркутчу. Жадагалса укук коргоо органдарына да акча берип жазадан кутулуп кетчүдөй сезилчү", — деп айткан аял.
Адвокаттын айтымында, аял шектүүнүн таасирдүү адамдар менен байланышы болгондуктан корккон. Зөөкүр англис тилин үйрөткөн билим жайларынын биринин директору экени белгиленди.
Бети кескиленген Асел. Жогорку соттун төрагасы судьяны иштен алууну талап кылууда