Кыргызстанда балдардын Кардиохирургиялык борбору ачылды

Аталган медициналык мекемеде балдардын да, чоңдордун да жүрөгүнө оор операциялар жасалат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкекте балдардын Кардиохирургиялык борбору ачылды.
Аталган долбоорду ишке ашырууга Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 1,5 миллион доллар бөлгөн. Менчик клиника имараттын ичин толугу менен оңдоп-түзөп, жаңы, жогорку технологиялуу медициналык жабдууларды алган.
Аталган медициналык мекемеде балдардын да, чоңдордун да жүрөгүнө оор операциялар жасалары белгиленди.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артём Новиков буга чейин өлкөдө мындай медициналык кызмат көрсөтүлбөгөнүн айтып, өлкө жарандары ири суммадагы акча сарптап чет жакка чыгып келишкенин белгилеген.
Бишкекте 110,8 млн. сомго бейтапкана курууга тендер жарыяланды