Таласты "кармачу". Камчы Көлбаевдин тобунан делген киши кармалды. Видео

Тайсон каймана атын алып жүргөн С.М.Ж. автомектептин мугалимин компроматтык маалыматтарды УКМКга берем деп опузалап, 70 миң сом талап кылган деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү акча талап кылуу фактысы менен кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Тайсон каймана атын алып жүргөн С.М.Ж. автомектептин мугалимин компроматтык маалыматтарды УКМКга берем деп опузалап, 70 миң сом талап кылган деп айыпталууда.
"Ал акчанын 30 миңин алып жатканда колго түшүрүлгөн. Жанынан 20 грамм кара куурай да табылды", — деп жазылат маалыматта.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясы учурунда 4-октябрда жок кылынган. Кийинчерээк атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев кылмыштуулук менен күрөш улантыларын белгилеп, мамлекеттин мыйзамына каршы өздөрүнүн мыйзам, тартип, схемасын ойлоп тапкан топторго катуу чара көрүлөрүн эскерткен.
Камчы Көлбаевдин каза тапканы расмий тастыкталды