Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын августунан тарта мүчө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Жаңы доор — жаңы жолдор" дүйнөлүк форумунун көчмө жыйынында айтты.
Иш-чараны Эл аралык евразиялык кызматташтык уюму уюштурууда.
"Евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратып турганына күбөбүз. Өлкө үчүн да, жалпы калк үчүн да таасири жакшы болду. Буга рыноктун кеңейиши, сооданын жөнөкөйлөшү, чет элдик инвестициялардын келиши, инфраструктуранын өнүгүшү, илим жана билим берүүдөгү кызматташтык тармактарын мисал келтирсе болот", — деди Маматалиев.
Депутат бирдиктүү рынок экономиканы өстүрүп, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө жол ачкан инновацияларды стимулдаштырарын белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 2015-жылдын августунан бери мүчө.
Путин: "Бир жол — бир алкак" менен ЕАЭБ — бири-бирин толуктаган долбоорлор