Жанынан көргөндөй! Баткендеги өзгөчө археологиялык эстеликтин 3D сүрөтү

8 миң жыл мурда бул жерде адамдар мал кармаганы далилденген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Окумуштуулар Баткендеги археологиялык уникалдуу Сурунгур эстелигинин 3D-долбоорун көрсөтүштү. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын археология жана этнография институтунун сайтында маалымдалган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын түштүк тарабында дүйнөлүк мааниге ээ бир катар археологиялык эстеликтер жайгашкан. Ал жерде Светлана Шнайдер (Россиянын Илимдер академиясынын археология жана этнография институту) менен Темирлан Чаргыновдун (Кыргыз улуттук университети) жетекчилигинин алдында эл аралык экспедиция тобу иштөөдө.
Бул жер аталган аймактын өткөн тарыхын айгинелеп, окумуштуулар үчүн ачылыш болду. Тагыраагы, аталган аймакта 8 000 жыл мурда кой, эчки багылганы далилденген.
Сурунгур эстелиги Баткендин Айдаркен шаарынан 10 чакырым алыс жайгашкан. Археологдор ал жерден сөөктөн жасалган курал, жасалга, малдын сөөгүн жана турак конструкцияларынын калдыктарын табууда. Алардын ичинен эң баалуусу сөөк жана таш жасалгалар болгон.
Аталган долбоорду РФтин Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Россиянын Илимдер академиясынын археология жана этнография институту ишке ашырууда.
Сөөк менен кошо куймулчак, уча өңдүү устукандарды көмүшүптүр. Археологдун маеги