Балык чарба субъектилери ушул жылдын сегиз айында 21 миң 880 тонна товардык балык өндүрдү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 43 пайызга көп экендигин Нурзамат Акпаралы уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балык чарбаларынын ишмердүүлүгүнө көңүл бурулуп, талап-нормалардын аткарылышына басым жасалат.
"Өлкөдө балык чарба субъектилеринин саны өсүп, экспорттук потенциал жогорулап жатат. Ошого байланыштуу көзөмөл да жогору болушу шарт. Анткени бул азык-түлүк коопсуздугу менен түздөн-түз байланышта. Алсак, балык чарба субъектилери ушул жылдын сегиз айында 21 миң 880 тонна товардык балык өндүрдү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 43 пайызга көп. Тоют маселесинин айынан көйгөйлөр чыкпай койгон жок. Мындан тышкары, Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл менен Соң-Көлдө азайып кеткен балыктарды көбөйтүү планын сунуштады. Учурда бул боюнча токтом долбоору даярдалып жатат", — деди Азыгалиев.
Ошондой эле адис мыйзамсыз балык уулоого каршы натыйжалуу мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылуу, аталган көлдөргө балык уулоо объектилерин жайгаштырууга, экспорттоого жана сатууга бөгөт коюу керектигин кошумчалады.