Айпери Медет кызы: чемпионаттагы жаракаттан кийин дээрлик машыккан жокмун

Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын уткан чемпион Айпери Медет кызы социалдык тармактагы баракчасына өзүнүн жеңиши тууралуу жазды.
Ал кармаштар жеңил болбогондугун жашырган эмес. Дүйнө чемпионатындагы кармашта япон кызы менен күрөшүп жатып жаракат алган. Анда спортчунун Азия оюндарына катыша алар-албасы күмөн жараткан.
Айпери дүйнө чемпионатынан кийин өтө машыкпай, Кытайга келгенден соң гана жеңил машыгуулардан өтө баштаганын белгилеген.
“Устаттар менен сүйлөшкөндө “сен бир бутуң менен деле баарын утуп кетишиң мүмкүн” дешкен”, — деп жазды ал.
Балбан Айпери Медет кызы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын утту. Финалда казакстандык Жамиля Бакбергенова менен кармашып, аны жеңген.
Ал эми мурдараак, 16-24-сентябрда Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында да күмүш медаль тагынган.
Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду. Видео