Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло байгеге ээ болду

Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында алтын алган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.
Кыргызстандык балбан 62 килограмм салмакта алгач таиланддык спортчу менен беттешип, аны 14 секунд ичинде уткан. Чейрек финалда япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилди. Кийин Озаки финалга өткөндүгүнө байланыштуу спортчу жубатуучу беттеште вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Ал эми чечүүчү беттеште казак балбаны Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде утуп, коло байгеге ээ болду.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында 1-орунду ээлеген.
Бали! Акжол Махмудов дагы Азия оюндарынын чемпиону болду