Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду. Видео

Азия оюндарында кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева да бүйүр кызыткан беттеш көрсөтүп, күмүш тагынды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Балбан Айпери Медет кызы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын утту.
Финалдык беттеште кыргызстандык балбан 76 килограмм салмак категориясында казакстандык спортчу менен беттешип, аны 7:4 эсебинде жеңди.
Азия оюндарында кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева да бүйүр кызыткан беттеш көрсөтүп, финалга чейин жетти. Баш байге үчүн күрөштө, тилекке каршы, кытайлык атаандашына утулуп калды. Натыйжада күмүш медаль тагынып өлкө намысын коргоду. Бул анын ири милдештердеги алгачкы тажрыйбасы.
Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло байгеге ээ болду