7-октябрга карата аба ырайы

7-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ишембиде түнкүсүн республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас чөлкөмүндө +14…+19, Ысык-Көл, Нарын облустарында +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +16…+18, Ош калаасында +23…+25 градус жылыйт.
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат