Радио

Даутов: мамлекеттик автомектептерди ачуу — муктаждык

Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов мамлекеттик автомектептердин ачылышы боюнча пикирин билдирди.
Sputnik
Жол коопсуздугун камсыздоо багытында "Унаа" мекемесинин статусу көтөрүлгөнү маанилүү кадам. Мындай пикирин Ялкун Даутов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, 2021-жылы 7-декабрда президенттин "Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгы чыккан. Анын негизинде министрлер кабинетинин токтому даярдалган.
"Белгилүү болгондой, "Унаа" мекемеси буга чейин Санариптик өнүктүрүү, андан кийин Ички иштер министрлигине караштуу болду. Учурда аталган мекеме өзүнчө агенттик болуп өзгөрүшү маанилүү. Себеби азыркы тапта жол кырсыктарынын 78 пайызы айдоочулардын жол эрежесин билбегени, сактабаганынан улам болгону аныкталган. Мунун ичинен 50-70 пайызы айдоочулук күбөлүктү алганына бир жылдан үч жылга чейинкилер. Мындан улам былтыр Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңештин мүчөлөрү, коомдук уюмдар, ИИМ менен биргеликте комиссия түзүп, автомектептер текшерилген. Жалпысынан өлкөдө 273 автомектепке лицензия берилген, анын 203ү жеке менчик. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 236 автомектепке эскертүү берилип, 12синин иши убактылуу токтотулган. Ал эми 23 мектеп жабылган. Соңку бир жылда айдоочулук күбөлүк үчүн сынак тапшыруудагы коррупциялык тобокелчиликтер алды алынып, катаалдантылган. Натыйжада экзамен тапшырууга 17 жолу кирген курсанттар кездешүүдө. Бул автомектептердин сапаттуу окутууга шарты, мүмкүндүгү жок дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан мамлекеттик бардык талаптарга жооп берген автомектептерди ачуу заман талабы, муктаждык болууда", — деди Даутов.
Ошондой эле ал жол коопсуздугун камсыздоо боюнча улуттук стратегия иштелип чыгышы керектигин кошумчалады.