"Голос" долбоорунун финалисти Бишкекте вокал боюнча мастер-класс өткөрөт

Мастер-класс 9-октябрь саат 12:00гө белгиленген. Катышуу акысыз.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Голос" долбоорунун финалисти, "Евровидение-2018" сынагынын катышуучусу Ксения Коробкова Бишкекте вокал боюнча мастер-класс өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Иш-чара 9-октябрь саат 12:00гө белгиленген. Ага катышуу акысыз.
Бул мастер-класска каалоочулардын баары катыша алат. Ошондой эле вокал боюнча педагогдор, музыкалык окуу жайлардын студенттери келсе болору айтылды.
Мастер-классты Маданий демилгелер фондунун жана Россотрудничествонун колдоосу менен Лариса Долинанын музыкалык академиясы уюштурууда.
Ырчы Бек Исраилов "Ну-ка, все вместе!" долбоорунун жарым финалына өттү