БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор (УКТ) менен күрөш уланарын айтып жатып, Камчы Көлбаевдин жок кылынышын мисал келтиргенин УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Токмок шаарындагы атайын кызматтын капиталдык оңдоодон өткөн жаңы имараты ачылган. Ачылыш аземине Ташиев да катышты.
Ал кызматкерлерди куттуктап, атайын кызматтын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрүнө жетиштүү шарт түзүү аракети уланарын белгилеген. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти.
"УКМК төрагасы уюшкан кылмыштуу топтон ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи. Буга 2023-жылдын 4-октябрында УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал келтирди", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Көлбаев кечээ, 4-октябрда, Бишкекте күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөтүп, жок кылынган. Көлбаевди кармоо боюнча операцияны УКМК жүргүзгөн.
Ал уюшкан кылмыштуу топту түзүүгө, куралды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адам өлтүрүүгө шектелип жаткан. Дарыгерлер ок жеген Көлбаев ошол жерден каза болгонун тастыктаган. УКМК менен жай тургундардын арасында жабыркагандар болгон эмес. Кримтөбөлдүн сөөгү бүгүн Чолпон-Атада жерге берилди.