Путин: "Бир жол — бир алкак" менен ЕАЭБ — бири-бирин толуктаган долбоорлор

Россия президенти эки долбоор бири-бирине атаандаш болбой турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кытайдын "Бир жол — бир алкак" демилгеси Евразия экономикалык биримдигине атаандаштык жаратпайт, тескерисинче, ал долбоорлор бири-бирин толуктап турат. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
Мамлекет башчысы "Валдай" эл аралык дискуссиялык жыйынында сөз сүйлөдү. Ага "Бир жол — бир алкак" форумунун алкагында Кытай лидери Си Цзиньпин менен пландалган сүйлөшүүлөрү боюнча суроо берилди.

"Биз чынында бул темага бир нече жолу токтолдук, кимдир бирөөлөр биздин Евразия экономикалык биримдиги долбоорубуз менен Кытайдын башчысы Си Цзиньпиндин "Бир жол – бир алкак" долбоорунун кызыкчылыктары дал келбей, бири экинчисине атаандаш болот деген пикирди жаратууга аракет кылып келишет. Андай эмес. Мен буга чейин айткандай эле бир долбоор экинчисин толуктап турат", — деп жооп берди Россия президенти.

Ал Украинадагы атайын операция башталгандан мурун эле Россияга карата дагы, Кытайга дагы чектөөлөр киргизилгенин, бул Кытай менен АКШ ортосундагы соода согушуна айлангандыгын белгиледи. Путиндин айтымында, учурда Россия дагы, Кытай дагы жаңы логистикалык маршруттарды түзүүгө кызыкдар.
"Бир жол – бир алкак" долбоору — Кытайдын соода-транспорттук коридорлорун жакшыртуу жана Борбор Азия, Европа, Африкадагы 60тан ашык өлкөнү байланыштырган жаңы соода транспортторун түзүү боюнча эл аралык демилгеси. Ал Кытай менен Борбордук Азия, Африка жана Европанын 60 өлкөсүнүн соода алакасын өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
Россия ТИМи ЕАЭБ менен "Бир жол — бир алкак" кандай кызматташып жатканын айтты