Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россия Украинадагы атайын операциянын бардык максатына жетет

РФ лидери "контрчабуулдан" бери Украина 90 миңден ашуун адамынан ажыраганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин атайын аскердик операциянын бардык максаты аткарыла турганына ишендирди. Өлкө лидери учурда “Валдай” эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында сүйлөп жатат.
“Бардык коюлган максаттар өз ырааты менен орундалып келе жатат, алдыбызга койгон милдеттемелердин баарын аткарабыз”,— деди Путин.
Президенттин айтымында, “контрчабуул” башталгандан бери Украина Куралдуу күчтөрү 90 миңден ашуун адамынан ажырады.
“Валдай” эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана “Россия в глобальной политике” журналынын демилгеси менен түзүлгөн.
Быйыл талкуу "Адилеттүү көп кырдуулук: жалпы коопсуздукту жана өнүгүүнү кантип камсыздаса болот?" деген темада уюштурулган.
Дүйнө кандай болуш керек? Путин Россия кармана турган 6 принципти айтты