Россиянын ири "Титан" компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

"Титан" компаниясы Россиянын 600 ири компаниясынын рейтингине кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Титан" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Сутягинскийди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Жапаров Сутягинскийге Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн жана мунай өнөр жайынын инфраструктурасын модернизациялоонун жолунда экенин белгиледи.
Михаил Сутягинский өз кезегинде Кыргызстан жана анын либералдык мыйзамдары инвесторлор үчүн чоң кызыгууну жаратып жатканын билдирди.
"Титан" компаниясы өлкөнүн мунай-химиялык комплексин өнүктүрүү менен алектенген Россиянын 600 ири компаниясынын рейтингине кирип, жылына 500 миң тоннадан ашуун продукция өндүрөт.
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө