Кыргызстанда нандын баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилди

Мындай чара социалдык маанилүү азыктын баасын кармап туруу үчүн көрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизди.
Мындай чара социалдык маанилүү азыктын баасын кармап туруу үчүн көрүлдү. Сунушту Монополияны жөнгө салуу агенттиги киргизген.
Чектөө кайсы убакка чейин созулары жана баа кандай болору такталган жок.
Буга чейин өлкөдө ун менен нан кымбаттаган. Мындан улам өкмөт унду тышка чыгарууга убактылуу тыюу салып, Мамлекеттик резервден буудай камдамай болгон.
Төрөбаев: Кыргызстанда азык-түлүк көйгөйү жаралбайт