Министр болчу Кендирбаева хиджаб кийген окуучулар боюнча оюн айтты

Эл өкүлү айрым педагогдор жоолукту чечүү талабына нааразы болуп кайрылып жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Билим берүү министри кызматына талапкер Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда хиджаб кийген окуучулар боюнча оюн билдирди.
1 / 2

Догдуркүл Кендирбаева

2 / 2

Жалолидин Нурбаев

ЖК жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев "жоолукчан мугалим жана окуучу кыздарга кандай карайсыз?" деген суроо узаткан. Эл өкүлү айрым педагогдор жоолукту чечүү талабына нааразы болуп кайрылып жатканын айтты.
"Окуу процессине тоскоол болбош керек. Жоолук салынса да жүзүн жаппай окуусун улантса болот", — деген Кендирбаева.
Кендирбаева элеттеги орус класстарын жабуу боюнча айтканына түшүндүрмө берди