Радио

Азыгалиев: эр эңишти дүйнөгө жайылтуу боюнча иштер башталды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын Эр эңиш федерациясынын президенти Нурланбек Азыгалиев Бүткүл дүйнөлүк ат үстүндөгү күрөш федерациясы түптөлүп, көчмөн элдеринин оюнун жайылтуу аракети башталганын айтты.
Sputnik
Эр эңиш боюнча алгачкы дүйнө чемпионатынын Кыргызстанда өтүшү көчмөн элдеринин арасында өлкөнүн мартабасын бийиктетет. Кыргыздын байыркы улуттук оюнун сактап, кийинки муунга жеткирүүдө эл аралык мелдештердин орду эбегейсиз экендигин Нурланбек Азыгалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эр эңиш боюнча дүйнө биринчилиги эстафеталык негизде ар башка өлкөдө өткөрүлүп турат.
"Эр эңиш кыргыздын байыркы улуттук оюндарынын бири. Бул жалпы көчмөн элдеринде кеңири таралып, билеги күчтүү балбандарды аныктап келген. Бизде да той-аштын көбү эр эңишсиз өтпөйт. 2014-жылы атайын федерация түптөлүп, аталар мурасын аздектеп, аны унутта калтырбоо максатында иш алып барып келет. Эр эңиш улуттук спорттун түрлөрүнө кирип, календарлык пландын негизинде Ноорузда, 9-Май - Жеңиш күнүндө, Эгемендүүлүк күнүндө чоң байгелер сайылып, күчтүү балбандарды аныктап келебиз. Буга чейин Кыргызстан, Казакстан, Афганстан, Кытай, Россия, Венгрия, Түркия, Монголиянын катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк ат үстүндөгү күрөш федерациясы түптөлүп, көчмөн элдеринин оюнун жайылтуу аракети башталды. Ага байланыштуу Эр эңиш боюнча алгачкы дүйнө чемпионатын Кыргызстан кабыл алып, жогорку деңгээлде өткөрдү. Өзүбүздүн жигиттер командалык эсепте биринчи орунду ээлеп, жакшы жыйынтык көрсөттү", — деди Азыгалиев.
Ошондой эле адис Бүткүл дүйнөлүк ат үстүндөгү күрөш федерациясынын катары дагы толукталып, башка өлкөлөр да кошулууну көздөп жатканын кошумчалады.