ЕАЭБ бизнес жүргүзүү шарттарына оң таасир этүүдө. Изилдөөнүн жыйынтыгы

ЕЭК коллегиясы мониторингдин жыйынтыгын карап чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Евразиялык интеграция евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн элине жана бизнес-коомчулугуна жакшы таасир этүүдө. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
ЕЭК коллегиясы интеграциянын бизнес жүргүзүү шартына тийгизген таасири изилденген мониторингдин жыйынтыгын карап чыккан.
"Жүргүзүлгөн анализ евразиялык интеграция ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана бизнеске оң таасир этип жатканын көрсөтүп, ушул багытта жасалган аракеттерди күчөтүү ниетин тастыктады", — деп айтылат маалыматта.
Докладда 2020-жылдан бери бирдиктүү рынок 73 секторго кеңейгени (53төн 126га чейин) айтылат. Бирдиктүү рынок режими кызматын сунуштагандарга өз ишмердүүлүгүн кошумча каттоосуз жүргүзүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, адистик квалификациянын биримдиктеги башка өлкөлөр тарабынан таанылышы бир топ жеңилдик берет.
Документте биримдиктин ички рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча ырааттуу иш жүрүп жатканы белгиленген. Бул дагы өз ара сооданын кеңейишине өбөлгө болуп бере турчу жагдай экени айтылды.
ЕЭК өкүлү ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өнөр жай саясатынын негизги багыттарын санады