КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын өтүүдө

Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Дельфи оюндары өтөт

Конкурстун калыстар тобунун курамына 30дан ашык искусство өкүлдөрү, профессорлор менен КМШнын искусство таануу илимдеринин докторлору кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Иш-чара 6-10-октябрь аралыгында болмокчу. Кыргызстандын борборунда биринчи жолу уюштурулат.
Катышуучулар менен коноктор кыргыз элинин салт-санаасы жана маданияты менен таанышат.
Мелдешке 10 номинация боюнча 10дон 25 жашка чейинки 600гө жакын улан-кыз катышат. Конкурстун калыстар тобунун курамына 30дан ашык искусство өкүлдөрү, профессорлор менен КМШнын искусство таануу илимдеринин докторлору кирет.
Оюндардын жыйынтыгында лауреаттардын бардыгы алтын, күмүш жана коло медалдар менен сыйланат.
Бишкектеги КМШ саммити
Кыргызстанда КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт