Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Картадан жок болот. Батыштын Киев боюнча таң калтырган планы анык болду

Россия сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев бийлиги буга мыйзам жолу менен тыюу салган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Украина картадан жок болорун Батыш мойнуна алгандыгын Al-Ayyam басылмасынын баяндамачысы Абдель Маджид Суайлем жазган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Анын пикирине караганда, америкалык жана европалык саясатчылар Украинадагы чатак боюнча риториканы өзгөртүп жиберишти.
"Алар акыры бул өлкөнү массалык жок кылуу болуп же геосаясий картадан жок болуу тагдыры тургандыгы боюнча сактанууларын билдирип жатышат", — деп жазган журналист.
Макалада Батыш Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунан улам жаралган калпыстыктардын кесепети менен күрөшүүдөн чарчагандыгы айтылат.
Баяндамачы "Украинанын бөлүнүп-жарылышы же анын жок кылынышы" боюнча кептерди "фантазия" деп эсептебей калганын белгиледи.
"Батыш муну түшүнө баштады. Эми алар сүйлөшүү столуна отургуча дагы канча убакыт өтөт, маселе ушунда", — деген ал.
Россия сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев бийлиги буга мыйзам жолу менен тыюу салган. Кремлден Москва үчүн атайын операцияда башкы максатка жетүү маанилүү багыттардын бири болуп тургандыктан, азыр тынчтык нукка өтүүгө эч кандай өбөлгө жоктугун белгилешкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Канча убада айтылбасын Киевге эми эч ким акча карматпас... Ой толгоо