Анна Кутанованын музейиндеги 40 экспонат Санкт-Петербург университетине берилди

Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин өкүлдөрү Кыргызстандагы блокадачыларга таандык буюмдардан жаңы музей негиздешмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугу Анна Кутанованын музейинен 40 экспонатты Санкт-Петербург делегациясына өткөрүп берди.
Экспонаттардын ичинде каттар, документтер, китептер, видео жана Кутанованын жеке буюм-тайымдары бар.
1 / 3

Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугу Анна Кутанованын музейинен 40 экспонатты Санкт-Петербург делегациясына өткөрүп берди

2 / 3

Экспонаттардын ичинде каттар, документтер, китептер, видео жана Кутанованын жеке буюм-тайымдары бар

3 / 3

Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин өкүлдөрү Кыргызстандагы блокадачыларга таандык буюмдардан жаңы музей негиздешмекчи

Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин өкүлдөрү Кыргызстандагы блокадачыларга таандык буюмдардан жаңы музей негиздешмекчи.
"Петербургда "Ленинград блокадачылары кыргыз коому" тууралуу билебиз, бирок мынчалык көп маалымат бар деп ойлогон эмеспиз. Петербургдагы ар бир үй-бүлө блокадада жакынын жоготкон. Кыргызстанда ушундай музей болгону биз үчүн маанилүү", — деди окуу жайдын өкүлү.
Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугунун жетекчиси Анна Кутанова былтыр 92 жаш курагында көз жумган. Кыргызстанга эвакуацияланганга чейин Кутанова Ленинградда жашап, байланыш тармагында иштеген. Ленинградды коргоо үчүн медалынын жана башка бир катар мааракелик сыйлыктардын ээси.
Бишкекте Ленинград блокадачылары эскерилди. Видео