Камчы Көлбаевдин жакын адамы Алтуха үй камагына чыкты

Алтынбек Ибраимовдун шериктери тергөө абагында калышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Алтуха каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылганын Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдирди.
Чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган. Ибраимовдун шериктери №1 тергөө абагында кармалууда.
Эскерте кетсек, май айынын соңунда УКМК аталган топтун мүчөлөрү Алтынбек Ибраимовду (Алтуха), Адилет Касеновду (Кеня) жана Кенжебай Тажибаевди кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, топтун мүчөлөрү көп жылдардан бери ишкерлердин Кытайдан келген жүктөрүн тартып алып жүргөн. Бул факты боюнча "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча иш козголгон. Кийинчерээк Касенов үй камагына чыгарылган болчу.
Жаза аткаруу кызматы: Кыргызстандын колониялары штаттык режимде иштеп жатат