Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков жакында эле Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында дагы алтын медалга татыган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын утту.
60 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшкөн Шаршенбеков финалдык беттеште япониялык спортчу менен кармашты. Эсеп 6:6 болуп, андан соң Жоламан каршылашынын далысын жерге басып жеңишке жетти.
Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча соңку ирет алтынды 2010-жылы Данияр Көбөнов алган. 13 жылдан кийин Шаршенбеков Азия чемпиону болуп отурат.
Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков жакында эле Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында дагы алтын медалга татыган.
Дзюдочу Эрлан Шеров Азиададан алтын утуп, тарых жаратты. Видео