Жаза аткаруу кызматы: Кыргызстандын колониялары штаттык режимде иштеп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын түрмөлөрү кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынгандан кийин күчөтүлгөн тартипке өткөн жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Жаза аткаруу кызматы билдирди.
“Бардык мекемелер штаттык режимде иштеп жатат. Колонияларда абал чыңалды деген маалымат жок, баары тынч”, — деп билдирди кызмат.
Бүгүн мессенджерлерде түрмөлөрдө абал чыңалгандыгы тууралуу маалымат тараган.
Буга чейин УКМК Камчы Көлбаев жок кылынганын расмий тастыктаган. Маалыматка караганда, кримтөбөл атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүп жаткан учурда жок кылынган.
Камчы Көлбаевдин каза тапканы расмий тастыкталды