Путиндин Кыргызстанга расмий сапары

Владимир Путиндин Кыргызстанга кайсы күнү келери айтылды

Путиндин Кант шаарында ЖККУнун Авиациялык базасындагы салтанаттуу иш-чарага катышары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 12-октябрда Россия лидери Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, эки мамлекеттин башчылары талкуулай турган маанилүү маселелердин бири — өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү.
"Алдыдагы сапардын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров менен президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Алар эки жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн пландарын талкуулашат", — деп айтылган билдирүүдө.
Азымбакиев, мындан сырткары, мамлекет башчылардын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышуусу пландаштырылганын кошумчалады.
Бишкектеги КМШ саммити
Беларуста КМШ өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Талкууланган маселелер