Мектептерде акча чогултулбайт! Өкмөт президенттин жарлыгын аткара баштады

Бийлик мыйзамсыз акча чогулткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Министрлер кабинети президент Садыр Жапаровдун мектептерде акча чогултууга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыгын аткаруу максатында токтом кабыл алды.
Эске салсак, буга чейин президент мектептерде мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлык чыгарган.
"Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында акча чогултууга жол берген адамдар КР укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат", — деп жазылат маалыматта.
Өкмөт Финансы министрлигине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына мектептерди оңдоо үчүн жана аларга тиричилик предметтерин сатып алууга керек болгон акча каражаттарын жыл сайын бөлүүнү тапшырды.
Радио
Окуу китептерин ар беш жыл сайын алмаштыруу эрежеси жокко чыкты