Бишкектеги КМШ саммити

Кыргызстанда КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Саммитке Садыр Жапаров төрагалык кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин жыйыны 13-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө КМШ мамлекеттеринин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.
Саммитке президенттер катышып, ага Садыр Жапаров төрагалык кылат.
Бишкектеги КМШ саммити
Путиндин Кыргызстанга келер күнү аныкталып, Кремль даярдык көрүүдө