Төрөбаев: Кыргызстанда азык-түлүк көйгөйү жаралбайт

Өкмөт келерки жылга чейин 100 миң тонна буудай камдап коюуну пландап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ун, суу май жана кант көйгөйү жаралбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында билдирди.
Аткаминер өлкөдө Россия менен Казакстандагыдай эле түшүм көйгөйү жаралганын моюндады.
"Биз ушул күздөн кийинки жылга чейин кеминде 100 миң тонна буудай камдап коюуну пландап жатабыз. Жеке чарбалар бар, аларга биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", — деди Төрөбаев.
Кыргызстанда күйүүчү май тартыш болбойт. "Кыргыз темир жолунун" билдирүүсү