Бишкекте Камчы Көлбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жатат. Атышуу болду

Учурда окуя болгон жерге башкы прокурор Курманкул Зулушев келгени кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкекте "Учкун" имаратынын аймагында кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булактар билдирди.
Азырынча операцияны УКМКнын спецназы жүргүзүп жатканы маалым. Кримтөбөл эмнеге айыпталып жатканы белгисиз.
Окуя болгон жерге барган Sputnik кабарчысы атышуу болгонун, учурда башкы прокурор Курманкул Зулушев келгенин кабарлады.
Көлбаевдин тобунун мүчөлөрүн кармоо. Бирөө коё берилип, үчөө камакта калды