Жозеп Боррелдин чакыруусу менен Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы саясий мекеме башчылары Украинага бет алды. Кыязы, Батыш коомчулугу Россияга дагы күчтүү кысым кылууда биримдикти, чечкиндүүлүктү көрсөтүүнү чечкен өңдөнөт деп боолголойт Елена Караева. Серепчинин кезектеги макаласы да РИА Новости сайтына жарыяланган.
Европа тараптын планында украиналык он миңдеген аскерди даярдоо, анын ичинде F-16 учкучтарын окутуу жана ойго келгис (ушул таптагы европалык экономикалык кырдаалды эске алганда) жардам көлөмүн жарыялоо да бар. Ондогон миллиардга чейинки сандар жар салынышы ыктымал. Анткен менен буга чейин беш миллиард еврону бөлүү боюнча бир пикирге келе алышпаганы маалым.
Америкалыктар баарын эсеп менен жасайт, украиналыктардын колу жана каны менен Россияга каршы согушка салынган ар бир долларды кайтарып аларын бөркүңүздөй көрүңүздөр. Атүгүл эселеп алат. Себеби Америкада баары ушундай жүрөт, кайрымдуулук менен демөөрчүлүк — опера же музейде, ал эми согуш ал жакта дайым экономика экени белгилүү.
Европанын тыйыны түгөндү, маселен, Германиянын химия өнөр жайы кыйроо алдында. Ансыз да кубаттуу өнөр жайы менен мактана албаган Францияда кырдаал андан да кыйын. Араанын ачып турган инфляцияны ооздуктоого жети жылдан кем эмес, ал тургай он жыл сарпталышы толук мүмкүн. Анан да азыр Украинага ири сумманы убада кылып турган европалык аткаминерлер эч кандай жоопкерчилик албайт. Анткени кызмат мөөнөтү келерки жылдын саратанында аяктап калат. Европадагы шайлоочулар да көрбөгөнү, билбегени үчүн салык төлөөдөн чарчап бүтүштү.
Батыштын бул прокси согушунун тактикалык да, стратегиялык да, саясий да, экономикалык да максаты орундалган жок, реалдуулук ушундан улам өзгөрдү. Россияда суверендүү жана тынч өлкөгө ылайык өсүш бар. Америкада — ички күндеми, башаламандык, жаңжал, бюджет менен шайлоонун тегерегиндеги түшүнбөстүктөр. Европада — маскарапоздор, Украинада — ичи бош казына ээлерине жагалданмай. Кыязы, булардын ар бири өз жолуна түшүп, тарашына мезгил жеткендей...