Камчы Көлбаевдин жактоочусу анын өлүмү тууралуу маалыматты төгүндөдү

Буга чейин Кыргызстандын бир катар ЖМКлары Көлбаевдин көз жумганын жазышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Камчы Көлбаев каза болду деген маалымат жалган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кримтөбөлдүн жактоочусу Сергей Манукян билдирди.
Буга чейин Кыргызстандын бир катар ЖМКлары Көлбаевдин көз жумганын жазышкан.
"Азыр окуя болгон жердемин. Көлбаев көз жумду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Тергөөчүлөр жеринде иштеп жатышат. Азыр ошол жакка кирүүгө аракет кылып жатам", — деген ал.
Эске салсак, бүгүн, 4-октябрда, спецназ кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо үчүн Бишкектеги "Учкун" имаратынын алдына барып, кийинчерээк аны колго түшүрүп УКМКга алып кеткени айтылган. Алдын ала маалымат боюнча, эки адам ок жеп каза тапты. Алардын ким экени белгисиз. Бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Камчы Көлбаев кармалган жерге аза кызматынын машинасы келди. Видео