Камчы Көлбаевдин каза тапканы расмий тастыкталды

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаев каза тапты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, Көлбаевдин кылмыштуу топтун лидери Дөө Чыңгызды өлтүрүүгө тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча тергөөгө чейин текшерүү иштери жүрүүдө.
УКМК “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин жок кылынышы тууралуу:
Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүп жаткан учурда жок кылынды.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Көлбаев "Блондер Паб" ресторанында экени аныкталган. Ал УКМКнын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, курал менен каршылык көрсөткөн. Натыйжада анын УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч жараткан кылмыштуу аракеттеринен улам ага карата ок чыгарылып, жок кылынган.
Көлбаев уюшкан кылмыштуу топту түзүүгө, куралды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адам өлтүрүүгө шектелип жаткан.
Дарыгерлер ок жеген Көлбаев ошол жерден каза болгонун тастыктаган. УКМК менен жай тургундардын арасында жабыркагандар жок.
Камчы Көлбаев кармалган жерге аза кызматынын машинасы келди. Видео