Камчы Көлбаев кармалган жерге аза кызматынын машинасы келди. Видео

Алдын ала маалымат боюнча, эки адам ок жеп каза тапты. Алардын ким экени белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаев кармалган жерге аза кызматынын автоунаасы келгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, эки адам ок жеп каза тапты. Алардын ким экени белгисиз. Бул боюнча расмий маалымат бериле элек.
Эске салсак, бүгүн, 4-октябрда, спецназ кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо үчүн Бишкектеги "Учкун" имаратынын алдына барып, кийинчерээк аны колго түшүрүп, УКМКга алып кеткени айтылган.
Бишкекте Камчы Көлбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жатат. Атышуу болду