Бишкектеги КМШ саммити

Беларуста КМШ өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Талкууланган маселелер

КМШга мүчө мамлекеттердин чек арачылары акыркы жылы 10 операция өткөрүп, анын жыйынтыгында чек арадан мыйзамсыз өткөн 18 миң адам кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин кезектеги жыйыны 3-октябрда Минскиде өттү. Ага аталган шериктештиктин Башкы катчысы Сергей Лебедев катышты.
Отурумда төмөнкү маселелер талкууланды:
Чек ара аскерлеринин 2018-2022-жылдардагы кеңешинин ишмердүүлүгү. КМШга мүчө мамлекеттердин чек арачылары акыркы жылы 10 операция өткөрүп, анын жыйынтыгында чек арадан мыйзамсыз өткөн 18 миң адам кармалган. Мыйзамсыз жүгүртүлгөн бир тоннадан ашык баңгизат алынган;
Беларустун Юстиция министрлигинин сунушу менен 2027-жыл КМШ ичинде Укуктук агартуу жылы деп жарыяланды;
КМШнын Аткаруу комитетине өз ара соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү максатында кадамдар аныкталды. Жогорку деңгээлде туруктуу иштеген жумушчу топтун отурумдарында ыкчам кароо үчүн тоскоолдуктардын тизмесин түзүү боюнча ишти улантуу тапшырылды;
Ыйгарым укуктуу өкүлдөр Бишкекте өтө турган мамлекет башчылардын, өкмөт башчылардын, тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумдарын талкуулашты.
Путин ЕАЭБ, КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылары менен жолукту