Радио

Беков: ECO TAXI кызматынын максаты — экологиялык транспортту жайылтуу

Муниципалдык ECO TAXI кызматынын жетекчиси Рамил Беков элди экологияны сактап калууга чакырды.
Sputnik
Бишкек шаарында 1-октябрдан тарта муниципалдык ECO TAXI кызматы иштеп баштады. Бул тууралуу Рамил Беков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы кезде аталган кызматта электр кубаты менен иштеген 10 автоунаа иштеп жатат.
"Муниципалдык ECO TAXI кызматы Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен ушул айдын башынан баштап иштеп баштады. Унаалар Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен тарта 12-кичи районго чейин саат 7:00дөн 10:00гө чейин жана кечинде саат 17:00дөн 20:00гө чейин сары тилке менен жүрүп, кызмат кылат. Баасы — 50 сом. Ичине беш жүргүнчү салат. Алдыдагы пландар боюнча түнкү саат 00:00дон таң атканга чейин да шаардыктардын транспорт маселесин чечүү жолдорун карап жатабыз. Муниципалдык ECO TAXI кызматынын максаты — ECO транспортту жайылтуу. Балдарыбыздын келечегин ойлоп, экологияны сактап калууга ар бирибиз колубуздан келген аракетибизди жасашыбыз керек. Баарыбыз көрүп жаткандай шаарыбызда барган сайын электр кубаты менен жүргөн унаалардын саны өсүүдө. Бул көңүл жылытарлык көрүнүш", — деди Беков.
Ал 1-2 айдын ичинде муниципалдык ECO TAXI кызматындагы унаалардын саны жогорулай тургандыгын кошумчалады.