Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын финалына чыгышты

Балбандар Иран жана Япония спортчулары менен ат салышат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыгышты.
60 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшкөн Шаршенбеков Тажикстан, Түштүк Корея жана Өзбекстандан барган балбандардан артыкчылыгын көрсөттү. Эми финалдык беттеште япониялык спортчу менен кез келет.
Ал эми Махмудов (77 кг) кармашын чейрек финалдан баштады. Камбоджа менен Казакстандын балбандарын утуп, алтын үчүн ирандык спортчу менен кармашат.
Финалдык оюндар бүгүн түштөн кийин башталат.
Дзюдочу Эрлан Шеров Азиададан алтын утуп, тарых жаратты. Видео