Мэрия Ак-Босого конушуна сквер курууга 101 млн. сомдук конкурс жарыялады

Деген менен быйылкы жылга карата бюджеттен 6 миллион сом каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялады.
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, жер тилкенин аянты 2,161 гектар, ал Биринчи май районуна караштуу Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан.
1 / 2

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялады

2 / 2

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, жер тилкенин аянты 2,161 гектар, ал Биринчи май районуна караштуу Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан

Долбоордо тротуар, веложол, балдар аянтчасы, волейбол, баскетбол аянтчасы, мини футбол талаасы, скейтпарк жана велосипедчилер үчүн пандус, көрүүчүлөр трибунасы, унаа токтотуучу жайлар каралган.
Сквер куруунун сметалык наркы 101 миллион 393 миң сом. Бирок 2023-жылга 6 миллион сом каралган. Мындан улам мэрия ишкерлерди конкурска катышууга чакырды. Шарты тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.
Бишкекке курула турган "Барселонанын" спорт комплексинин долбоору. Эскиз