67 жыл мурда СССР Жердин жасалма жандоочусун учурган. Тарыхый видео

Мындан 67 жыл мурда, кансыз согуш табында турган учурда 4-октябрь күнү Советтер Союзу орбитага Жердин биринчи жандоочусун учурган.
Sputnik
Салмагы 83,6 килограмм болгон төрт антенналуу легендарлуу бул спутник кадимки эле "бип-бип-бип" деген сигнал берип турган. Ал шар түрүндө болуп, металлдан жасалган.
Эртеси күнү дүйнөнүн бардык гезиттери орбитага СССРде жасалган Жердин биринчи жандоочусу учурулганын жамырап жазышты.
Стивен Кингдин "Пляска смерти" китеби "1957-жылдын 4-октябры же Бийге чакыруу" деп аталат.
"1957-жылы биринчи ирет октябрдын бир күнүндө ушундай бир коркууну башымдан кечирдим. Жаңы эле 10го толгом. Кинотеатрда болчумун. "День, когда Земля остановилась" аттуу кинофильмдин акыркы бөлүгүндө башка планетадан келгендер борборго кол салганда экран өчүп калды. Андан ары ойго келбеген нерсе болду: залдын жарыгы күйүп, анан башкарган кишинин жарыясы угулду, "орустар орбитага Жердин космостук сателлитин учуруптур. Аны Спутник деп аташыптыр".
Ошондон тарта орустардын бул сөзүн дүйнөдөгүлөр котормосу жок түшүнөт.
Космоско биринчи болуп учкан Гагарин тууралуу тарыхый видео