Садыр Жапаров Коргоо министрлигинде кадрларды алмаштырды

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолорду жүргүздү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Генералдык штабдын жетекчиси Эрлис Тердикбаев кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
1 / 3

Руслан Мукамбетов

2 / 3

Акылбек Ибраев

3 / 3

Алмазбек Карасартов

Руслан Мукамбетов Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги – коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Эске салсак, буга чейин ал министрдин орун басары – Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы болуп турган.
Акылбек Ибраев коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулду. Алмазбек Карасартов (мурда биринчи орун басарлык кызматта турган) коргоо министринин орун басары кызматына – Куралдуу күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы болуп дайындалды.
Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Сүрөт