"Россия сегодня" медиатобунда КМШ мамлекеттеринин медиафоруму өтөт

1-ноябрга белгиленген иш-чара Москва шаарында болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык медиатобунда КМШ мамлекеттеринин "Өзгөрмөлүү дүйнөдөгү медианын өнүгүшү" аттуу экинчи медиафорум өтөт.
1-ноябрга белгиленген иш-чара Москва шаарында болмокчу. Анда "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев, Мамлекеттик думанын маалыматтык саясат, технологиялар жана байланыш боюнча комитетинин төрагасы Александр Хинштейн, Россиянын Журналисттер союзунун төрагасы Владимир Соловьев, Россотрудничество башчысы Евгений Примаков, Интернетти өнүктүрүү институтунун башкы директору Алексей Гореславский, Коопсуз интернет лигасынын директору, Жоголгон жана жапа чеккен балдарга жардам көрсөтүү боюнча мониторинг борборунун аткаруучу директору Екатерина Мизулина, Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Елена Вартанова, Жогорку экономика мектеби медиа институтунун директору, теле алып баруучу Эрнест Мацкявичус жана башкалар катышат.
Иш-чарада саясий элита, ЖМК өкүлдөрү жана эксперттер да болору айтылды.
"Форумдун пленардык жыйынында адистер эл аралык журналистиканын көйгөйлөрүн козгоп, маалыматтык коопсуздук жана КМШ өлкөлөрүндө маалыматтык, саясий жаатта карым-катыш темаларына токтолушат. Тематикалык сессияларда медиачөйрөдө жасалма интеллектинин келечеги, Telegram-каналдарды алып баруунун стратегиясы, орус тилдүү ЖМКларды өнүктүрүү темалары талкууланат", — деп айтылат маалыматта.
2022-жылы "Россия сегодня" медиатобунун эл аралык мультимедиалык маалымат борборунда өткөн иш-чарага 300дөй журналист, саясатчы, эксперттер катышкан.
Иш-чаранын расмий сайты: mediaforumcis.ru
ЖМК жана катышуучуларды аккредитациядан өткөрүү шилтемеси аркылуу жүргүзүлөт.
Байланыш телефону: +7 495-645-6601 (7083)
org@mediaforumcis.ru
Пресс-борбор
Кыргызстандыктардын жеке маалыматын коргогон система канчалык коопсуз?