Ташиев: кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чече турган протоколго кол коюлду

2-октябрь күнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди толук чечүүгө негиз боло турган эки тараптуу макулдашылган протоколго кол койдук. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы, КР делегациясынын жетечиси Камчыбек Ташиев тажик тарап менен болгон жолугушуудан кийин биргелешкен билдирүү жасап жатып айтты.
Ташиевдин айтымында, жакында чек ара тилкелеринин бардыгын тактоо ишин соңуна чыгара турган чечим кабыл алынат.
"Кудай буюрса, жакынкы аралыкта чек ара тилкелерин толугу менен тактай турган соңку чечимди кабыл алабыз. Мен бул маселени чечүүгө катышкан эки өлкөнүн командасына ыраазычылык билдирем. Биздин комиссиялар чек араны делимитациялоо боюнча тыным албай иштеп жатат жана жакында чечим кабыл алат. Бүгүн кабыл алынган чечимдердин бардыгы чек арада тынчтык, стабилдүүлүк орнотууга негиз болуп, элдерибиз өмүр бою достук мамиледе өмүр сүрөт", — деди Ташиев.
Ал эми тажик делегациясынын жетекчиси Саймумин Ятимов протоколго эки президенттин эрки менен кол коюлганын белгиледи.
"№44 протоколго кол койдук, ал буга чейин чек арадагы жаңжалдын очогу болуп жаткан көйгөйлөрдүн жана кемчиликтердин дээрлик баарын жоет. Муну ишке ашыруу эки президенттин эрки болуп саналат. Өтө жакынкы аралыкта негизги документке өтөбүз. Протокол биздин эки тараптуу мамилелердин талыкпаган ишинин жыйынтыгы жана тынчтык, туруктуу өнүгүү үчүн элдерибиздин эркин билдирет", — деди ал.
Эске салсак, кечээ, 2-октябрда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болгон. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган.
Баткенде жабыркагандарга жеңилдетилген тартипте 8,5 млрд. сом кредит берилди