Тоолуу Карабахта кызмат өтөп жаткан Россиянын тынчтык орнотуучу контингентинин өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери командачылыктын сыйына татышты. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги кабарлады.
"Учурда россиялык тынчтык орнотучуулар Тоолуу Карабахтын аймагындагы кырдаалга күнү-түнү мониторинг жүргүзүп, Баку жана Степанакерт менен кан төгүлүшүнө жол бербөөгө биргеликте аракет көрүп жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Россиялык тынчтык орнотуучулар Тоолуу Карабахтан Лачын коридору аркылуу жер которгон адамдардын коопсуздугун камсыздоо, гуманитардык жардам жеткирүү сыяктуу маанилүү тапшырмаларды аткарып келет. Мындан тышкары, элге азык-түлүк, дары-дармек, суу жеткирип жатышат. Ал эми россиялык дарыгерлер медициналык кароого муктаждардын баарына жардам көрсөтүүдө.
Тема боюнча: