Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Британиянын Киевге берчү курал-жарагы түгөндү

Ишенимдүү булактын айтымында, Украинага азыр ПВО, артиллерия ок-дарысы керек. Бирок алар Британияда калган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Британиянын Киевге берчү курал-жарагы түгөндү. Бул тууралуу Telegraph гезити атын атабаган жогорку даражалуу аскер адамынын айтымына таянып жазганын РИА Новости жарыялады.
"Биз мүмкүнчүлүгүбүз жеткен жардамдын баарын берип бүттүк. Украинага техника жеткирүүнү улантабыз, бирок азыр аларга ПВО, артиллерия ок-дарылары керек. Алар бизде калган жок", — деген ишенимдүү булак гезитке.
Россия мурдараак НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы боюнча нота жиберген. Анда ТИМ башчысы Сергей Лавров Киевге келе жаткан кандай гана жүк болбосун Москванын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткирүү россия-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг: НАТО өлкөлөрү Украинага убада кылган жардамдын 98 пайызын берди