Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунда көргөзмө өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Борбор калаада "Россиянын көркөм образы" аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Россиянын Бишкек шаарындагы илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди.
Экспозицияда москвалык сүрөтчү Филипп Москвитиндин картиналары менен Екатеринбургдагы "Гамаюн" музей борборунун коллекциялары көрсөтүлөт.
Филипп Москвитин — сүрөтчү, икона тартуучу, Россия көркөм академиясынын мүчө-корреспонденти, монументалдык искусство, икона тартуу, тарыхый живопись жана портрет багытында иштеп келет.
Көргөзмө 5-9-октябрь аралыгында өтөт.
"Борбор азиялык романсиаданын" Бишкектеги гала-концерти. Видео