Бейөкмөт уюмдарда иштеген Кендирбаева депутаттардын сынына жооп берди

Талапкер улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, салттуу баалуулуктарды улантуунун үстүндө иштээрин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрине талапкер Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттардын сынына жооп берди.
Депутат Айбек Маткеримов талапкер мурда бейөкмөт уюмдарда иштегенин кыйытып, "үрп-адатыбызга каршы келген нерселерди колдоп жүргөн экенсиз, эми билим берүүнү кайсы тармакка буруп барасыз?" деген суроо узаткан.
Кендирбаева улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, салттуу баалуулуктарды улантуунун үстүндө иштээрин айтты.
"Жолдошум, эки кызым, эки неберем бар. Менин камкордугумда 90 жаштагы кайнатам жашайт. Алтын казык принцибин баалайм. Кыргыз улутунун баалуулугун, аманат калтырган мурасын ар бир кыргыз бекемдебесе бизди ары-бери тартып кете турган кызыкчылыктар өтө көп. Менин энелик миссиям, келиндик миссиям, эми министр катары миссиям — кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө багыт берген ата мурастарынын негизинде улуттук кызыкчылыкты көздөө", — деди ал.
Кендирбаева ал тууралуу айтылып келген кеп эмоциялык сөздөр экенин белгиледи.
Кендирбаева Каныбек Иманалиевдин эмне себептен кызматтан кеткенин айтты