Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шайлоодо жеңген партия: Словакия Украинага аскерий жардамын токтотот

Саясатчы эгер партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетсе Украина Куралдуу күчтөрүнө аскердик техника берүүнү токтото турганын убадалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Словакиянын Украинадан олуттуу көйгөйү жетиштүү, мындан улам Братислава Киевге аскерий колдоосун токтотот. Бул тууралуу республиканын мурунку премьер-министри жана парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен Smer партиясынын лидери Роберт Фицо билдиргенин Aktuality гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Словакиянын Украинадан олуттуу маселелери арбын. Эгер Smer өкмөттү түзө турган болуп калса, биз тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону ылдамдатууга болгон аракетибизди көрөбүз", — деди саясатчы.
Фицонун айтымында, Братислава Киевге аскердик жардамын токтотуп, бирок гуманитардык колдоосун уланта бермекчи.
Экс-премьер буга чейин 2022-жылы Украинага ПВО С-300 системасын берген Словакия бийлигин сындап келген. Ал МиГ-29 истребителдери Киевге Конституциянын нормалары бузулуп жөнөтүлгөнүн билдирген эле. Саясатчы эгер партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетсе Украина Куралдуу күчтөрүнө аскердик техника берүүнү токтото турганын убадалаган. Анын айтымында, Киевге курал-жарак жөнөтүү адамдардын өлүмүн шарттап, чырды создуктуруп келет.
Бүгүн Smer партиясы шайлоочулардын 22,94 пайыз добушун алып парламенттик шайлоодон жеңип чыкканы белгилүү болду. Экс-премьер андан кийин дароо эле партия өкмөттү курай турган болсо Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн башталышын тездетүүгө аракет көрөрүн айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев АКШнын колдоосу болбосо туруштук бере албастыгын моюндады